• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ЖМК тууралуу жаңы мыйзам: Түз эфирде айтылган маалымат үчүн редакция жоопкер болбошу керек

31 Жалган куран 202311:21 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчылыкта ЖМКлар жөнүндө мыйзамды толуктап иштеп чыгуу боюнча диалог өттү. Анда аталган мыйзам долбоорун ЖМК жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү ошондой Президенттин аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Медиа Полиси коомдук фондунун юристи Нурбек Сыдыков бир катар кемчиликтер кетирилгенин билдирди.

«Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда түз эфирде айтылып кеткен такталбаган маалыматтар үчүн дагы редакция жоопкер деген талап киргизген. Түз эфирде айтылган маалыматтар үчүн редакция эмес, айткан тарап жоопкер болушу керек», — деген пикирин билдирди.

Бул тууралуу Президенттин аппаратынын өкүлү өздөрүн ЖМК катары каттоодон өткөрбөй туруп, ушул тармак менен алектенгендерди жоопко тартууда маселе жаралат. Ошон үчүн ушул пункт киргизилгенин айтты.

Количество просмотров: 109