• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоодон өттү

9 Үчтүн айы 2024 13:21 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоодон өттү. Бул тууралуу ЖКнын сайтында маалымдалды.

Маалыматка караганда, документ былтыр 15-декабрда каттоого алынган.

Долбоордун маалымкатында азыр иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы кабыл алынганы, медиа тармагындагы андан берки өзгөрүүлөр мыйзамда камтылбай калганы жазылган. Жаңы сунушталып жаткан долбоордо журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат.

Президенттик администрация 2022-жылы «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Бул коомчулукта талкуу жараткан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров жумушту топ түзүп, мыйзамды толуктап иштеп чыгууну тапшырган.

Ал эми көз карандысыз юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 48