Жо Байден президенттик жарыштан четтегенден кийинки алгачкы интервьюсун CBS каналына берип, Демократиялык партиянын башкы максаты — Трампты жеңип, демократияны сактап калуу экенин жана ага тоскоол болбоюн деп чечкенин билдирди.
«Мен үчүн мурдагыдай эле эң маанилүү маселе — демократияны сактоо. Өлкөмдүн алдындагы чоң милдетим эң негизгиси Трампты жеңишибиз керек!»-деди.
Ошондой эле Трамп жеңе турган болсо, 2021-жылдын 6-январында Капитолийге чабуул коюп, кирип баргандардын баарына ырайым берип, түрмөдөн бошотуп жиберет деп чочулайт. Эгер жеңилип калса, «кандуу мончо» уюштурат деп кооптонот.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.