• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жогорку Cот Исмаиловдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды

31 Тогуздун айы 2023 14:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Сот Фархат Исмаиловду Жогорку Кеңештин депутатынын мандатынан ажыратуу тууралуу эки соттук инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырганын 30-октябрда аталган мекемеден билдиришти.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Фархат Исмаиловдун жана «Альянс» фракциясынын мүчөсү Фарходбек Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) маалымат берилгенин билдирген.

6-июлда БШК эки депутаттын мандатын алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес. Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырганы 20-сентябрда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 65