• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

19 Тогуздун айы 202010:04 Бишкек Govori.TV

Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аккулу Бердиев “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат болуп келди. Ал тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаевдин ордуна мандат алган.

«Бердиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, депутат Руслан Казакбаев Тышкы иштер министри болуп дайындалган болчу.

Количество просмотров: 848