• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеңеште Арстан Алайга чара көрүү сунушталды

21 Үчтүн айы 2021 11:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов президенттик шайлоодо ат салышкан Арстанбек Абдылдаевге чара көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-январда кезектеги жыйында билдирди.

Анын айтымында, Абдылдаев «Мен Кудаймын!» деп элдин башын айлантып жатат.

«Бул жакта биздин бир жараныбыз «Мен Кудаймын» деп карапайым элдин башын айлантып жатат. Эгерде ал оорулуу болсо тастыктап дарылабайсыңарбы! Болбосо чара көрүү керек»,-деди депутат.

Буга чейин парламентте депутат Ормонов дагы  Арстан Алайдын «Мен Кудаймын!» деп үгүт жүргүзүп жатканына карата чара көрүлүшү керектигин айтып чыккан.

Количество просмотров: 1314