Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV
29-мартта Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын Форумунун демилгеси менен Кара-Суу шаарында атайын жолугушуу уюштурулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Иш-чарада Кыргызстанда 2019-жылы ратификацияланган Бириккен Улуттар Уюмунун «Мүмкүнчүлүгү чектелеген адамдардын укуктары боюнча конвенциянын» мамлекеттин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүсүнө тийгизген таасири талкууланып,Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квота» маселеси да каралат”,-деп айтылат маалыматта.
Катышуучулар: Жогорку Кеңештин депутаттары, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Социалдык ѳнүктүрүү министрлиги, Кара-Суу районунун акими жана Кара-Суу районунун активдүү жарандары.