• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин акыркы сессиялары жабык өтөт

23 Кулжа 202021:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт.Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Ибраим Нуракун уулунун айтымында, Жогорку Кеңештеги коронавирус жуктуруп алгандардын саны азырынча өзгөргөн жок. Эки депутат жана үч аппарат кызматкери обочо дарыланууда. Калгандары кезеги менен ПЦР-тесттен өтүү аракеттерин улантышууда.

«Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мени менен контактта болгон кызматкерлеринин ПЦР-тесттери таза чыкканына карабастан, дарыгерлер үй карантинден бошотпой жатышат. Ошого байланыштуу Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары, тилекке каршы түз эфирде чагылдырылбайт. Күн тартиби, каралган маселелер жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын kenesh.kg сайтына жайгаштырып турууга аракет кылмакчыбыз. Кесиптештерим аралыктан иштешүүдө. Ал эми 29-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүшү күтүлүп жатат. Ошол маалга чейин кесиптештеримдин карантин мөөнөтү аяктаса, жылдын акыркы сессиялык жыйынын түз эфирден алып көрсөтүүгө аракет кылабыз», — деп жазды Нуракун уулу.

https://www.facebook.com/528248263/posts/10157729863123264/
Количество просмотров: 167