• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Жогорку Кеңештин төрагасы Мамытов Москвага барды

7 Бештин айы 2020 9:17 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-декабрда Москвага иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Талант Мамытов иш сапардын алкагында Орусиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болуп, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланат.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы — КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Иш сапардын соңунда Талант Мамытов Орусияда жашаган мекендештер менен жолугушу күтүлүүдө.

Количество просмотров: 94