• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жогорку сот: БШКнын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган чечимине каршы арыз түшкөн эмес

15 Тогуздун айы 202011:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот 15-октябрга карата биринчи инстанциядагы соттук актыларда шайлоо талаштары боюнча кассациялык даттануулар жок экенин билдирет.

Маалым болгондой, Жогорку сотко «Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоону жараксыз деп табуу жөнүндөгү чечиминин үстүнөн даттанып жазган арыз жазган эмес.

Эске салсак, 15-октябрда интернетте шайлоодо жеңүүчү аталган төрт партиянын бири “Кыргызстан” саясий партиясы Боршайкомдун бул чечимин жокко чыгаруу тууралуу арыз менен Жогорку сотко кайрылганы жөнүндө маалымат тарады. Ал эми партиянын лидери Канат Исаев азырынча бул тууралуу маселе карала электигин буга чейин билдирген эле.

Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева “Говори.ТВнын” талкуусунда БШК чечим шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгар8ган чечим кабыл алынганын жана ага каршы арыздануу үчүн 3 күндүк мөөнөт бергенин айтат.

Белгилей кетсек, БШК 6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимин кабыл алган.

Количество просмотров: 98