• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Жогорку сот «Кыргызстан» партиясынын пайдасына чечим чыгарды

1 Аяк оона 202019:52 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку сотто “Кыргызстан” партиясынын иши боюнча соттук отуруму өтүп, сот Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап, күчүндө калтырды. Чечим дароо күчүнө кирет, үстүнөн арызданууга болбойт.

Сот отуруму саат 16.00дө башталып, жараянга Жогорку соттун мурдагы төрайымы, судья Айнаш Токбаева жетекчилик кылды.

Ошол эле кезде Жогорку соттун имаратынын жанына «Кыргызстан» партиясынын тарапташтары да чогулушуп, соттун чечимин күтүштү.

Эске салсак, БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган.

Количество просмотров: 133