• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку Сотко жаңы төрайым шайланды

22 Чын куран 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Нүргүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде, Жогорку соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымын жана анын орун басарын шайлашты. Ал эми Жогорку соттун төрөганын орун басарлыгына судья Качыке Эсенканов шайланды.

«Судьялар бир добуштан буга чейин төрайымдын орун басары болуп келген Нургүл Бакированын талапкерлигин төрага кызматына колдошту»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 233