• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жогорку Соттун төрайымы Жапаровду актаган чечим боюнча түшүндүрмө берди

29 Бештин айы 2020 17:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева»Азаттык» радиосунун түз эфиринде маек куруп жатып, президенттикке талапкер Садыр Жапаровду актаган чечим боюнча түшүндүрмө берди.

«Ишти жаңы жагдайлар боюнча карап бергиле деп адвокаттары расмий түрдө арыз алып келген. Мен бул ишке аралашпайт элем, бирок ошол күнү жумушта орун басарым да жок, өзүм үч судьядан турган соттук курам түзүп, ошол ишти кароону тапшыргам. Иштин материалдарын Биринчи май райондук сотунан алдырганбыз. Башкы прокуратура аларды актоону суранган. Ал сунуш бардык актыларда бар. Бирок сот буга чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген»,-деп билдирди ал.

Эске салсак, Жогорку Сот 19-октябрда президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана парламенттин азыркы спикеринин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду актаган чечим чыгарган. 2012-жылы Ташиев, Жапаров жана Мамытовдорго бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 9454