Жогорку Кеңеш президент Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтото туруу сунушун жактырды. Мындай чечим 31-марттагы отурумда добуш берүү менен кабыл алынды. 61 депутат «макул», 4 депутат «каршы» добуш берди.
Буга чейин УКМК «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашырууда жасалган кылмышка байланыштуу сотко чейинки тергөө иштери тууралуу жарыялаган болчу.