• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеваны аппарат кызматкерлери расмий  узатышты

22 Аяк оона 2018 13:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.09.2018. Govori.TV
2018-жылдын 21-сентябрында,  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеваны аппарат кызматкерлери расмий  узатышты.
“Кыргыз  Республикасынын Жогорку Соту жана  жергиликтүү соттор жөнүндө”    Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына  ылайык, Төрайымдын үч  жылдык  мөөнөтү  аяктады.  Белгилүү болгондой, Төрайым  2015-жылдын 23-сентябрында  кызматына  киришкен. Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Маратбек Осмонкулов   Айнаш Токбаеванын 3 жыл аралыгында жасаган иштерине токтолуп, сот тутумунун өнүгүшүнө өз изин калтыргандыгын  белгилеп өттү.
Анын  айтымында, Айнаш Токбаева жетектеген үч жыл аралыгында  электрондук сот өндүрүшү ишке киргизилип, автоматташтырылган маалымат системасы  жөнгө салынды. Мындан тышкары Төрайым өлкөнүн  бардык  сотторунун  иши менен  жакындан таанышып, судьялар жана аппарат кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн жаңы имараттар курулуп, ишке киргизилгендигин кошумчалады.
Ал эми Айнаш  Токбаева аппарат кызматкеринин эмгеги жетекчинин  ийгилигинин эң негизги бөлүгү –деп белгилеп, алардын кесипкөйлүгүнүн  артында сот тутумунун  жетишкендиги турарын  кошумчалады. Төрайым  сөзүн  жыйынтыктап жатып,   жашоо өз  огунда  турбагандай эле жумушка болгон  талаптар да   күн сайын  өзгөрүп  турат. Андыктан  ар кандай  жаңычылдыктарды туура кабыл  алып,  иш алып барууга Мыйзамдар менен иштөө секторунун башчысы Расия  Эралиева, Айнаш Токбаеванын жасаган эмгектери сот тутумунун тарыхында калаарын айтып, өз ишин мыкты билген профессионал адис катары  сот тутумунда ишин уланта берээрин кошумчалады.
Количество просмотров: 27