• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жол коопсуздугу боюнча акцияда желбиреп жеңил кийинген мектеп окуучулары

2 Жетинин айы 2018 20:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.11.2018.Govori.TV

Чүй ЖКККБ Кант шаарында уюштурулган жол коопсуздугу боюнча акцияга катышкан балдардын сүрөтү жарыяланып,сынга кабылды. Анткени акцияга окуучулар аба-ырайынын суук экенине карбай жука кийинип чыгышкан.Тартылган сүрөттө көрүнүп тургандай, жөө жүрүштү алты окуучу баштап, алар жеңил көйнөк, кыздар юбка кийип алган. Ал эми милиционерлер жылуу кийинип турганы көзгө урунат.
Чүй ЖКККБнын маалымат кызматы автоинспекторлор менен мугалимдер балдардан жылуу кийинүүнү суранганын, бирок алар башкалардан айырмаланып турууну каалап такыр көнбөй коюшканын “Спутник” агенттигине кабарлаган.
«Балдар 100 метрге жакын аралыкты, бир светофордон экинчи светофорго чейин басып өтүштү. Күрмө кийгизели дегенбиз, бирок парадга ылайыктуу жылуу кийим болбой калды. Окуучулар болсо жөнөкөй курткаларын кийүүдөн баш тартышты. Ошондуктан 100 гана метр басууга уруксат бердик. Балдар 8-9-класстын окуучулары», — деп билдиришкен.

 

Количество просмотров: 35