• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоламан Шаршенбеков : Жеңишимди сүйүктүү мекенимдин ар бир жаранына арнайм!

12 Баш оона 202423:00 Бишкек Govori.TV

Балбан Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасынан кийин социалдык тармак аркылуу кыргыз элине кайрылуу жолдоду.

«Париждеги Олимпиадада мага көрсөткөн колдооңуздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. Мага болгон ишенимиңиздердин жана колдооңуздардын жардамы менен коло медалга ээ болдум. Бул жетишкендик мага гана эмес, менин сапарымдын ар бир этабында колдоп, жанымда жүргөндөргө таандык. Агайларга, дарыгерлерге, массажисттерге, мамлекетке, күрөш
федерациясына жана спортчуларды Олимпиадага даярдоого катышкан бардык адамдарга чоң рахмат. Менин ийгилигиме кошкон колдооңуздар жана салымыңыздар үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.

Бул медаль биздин жалпы жеңишибиз, мен аны ар бир сүйүктүү мекенимдин жаранына арнайм!», — деп жазды спортчу.

Жоламан Шаршенбеков Париждеги Олимп оюндарында грек-рим күрөшү боюнча
коло байгеге ээ болду.

Количество просмотров: 130