Жогорку Кеңештин жалпы жыйнында депутат Камчыбек Жолдошбаев сөз сүйлөп, сөз эркиндигин эч ким тыюу салган жок деген пикирин айтты.
“Чынын айтышыбыз керек да, мына бул жерде сөз эркингиди тууралуу сөз кылып жатышат, бирок ага эч ким тыюу салган жок. Калп айткан кишилерге фамилиясын жазбаса, бирөнү жел үстүнөн айтып, сасытып коюп олтурса… мына ошолор менен күрөшүш керек деп жатат.
Кесиптешинен кийин сөзгө чыккан депутат Жээнчороев бүгүнкү коом бул мыйзамга эмес, кошоматчыларды жоюуга муктаж экенин айтты.
“Бүгүнкү коом бул мыйзамга эмес, кошоматчыларды жоюуга муктаж. Жогору жактагы кошоматчылык менен байып, көмүр жана кендерди жыйнагандардан арылмайын эч качан демократия орнобойт. Ошондуктан келе жаткан шайлоодо аларды шайлабоого мүмкүнчүлүк бар. Ошондо адилетүү, эркин мамлекетти түзсө болот”, — дейт Мирлан Жээнчороев.
Көп өтпөй кайрадан микрофонго чыккан депутат Камчыбек Жолдошбаев кул болгондор көбөйдү деген пикирин айтты.