• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жолдун ортосуна отуруп алган 72 жаштагы карыяны сүзүп кеткен айдоочу кармалды

12 Тогуздун айы 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда эркек кишини унаа сүзүп кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн,12-октябрда ЖКККББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, окуя 11-октябрь күнү болжол менен саат 19:06 чамасында Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында болгон.

«Шапак айылынын 72 жаштагы тургуну мас абалда жолдун ортосуна отуруп алган. Аны «Хендай» унаасы сүзүп кетип, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Ысык-Көл ЖКККБнын кызматкерлери «Хендайдын» айдоочусун кармашты. Ал Шахта-Жыргалаң айылынын 36 жаштагы жашоочусу Б.Д. экени белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Окуя КЖБРга Жазык кодексинин 297-беренеси (Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) менен катталды.

Количество просмотров: 681