Бүгүн түндө Кытайдан гумжардам катары 10 миң ПЧР тест-системасы келип түштү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.
«Запаста 45 миң тест-системасы бар. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тест-системанын санын көбөйтүү үчүн иштерди жүргүзүлүүдө. Айта кетсем, бүгүн түндө Кытайдан гумжардам катарында 10 миң ПЧР тест-система келди. Андан сырткары, Беларусиядан 100 миң, Түркиядан 60 миң тест-система келиши күтүлүүдө», — деди Жороев.