• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жорж Буштун тажиясына АКШнын беш президенти келди

6 Бештин айы 2018 9:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Американын 41-президенти Жорж Буштун мамлекеттик тажиясы 5-декабрда Вашингтондогу улуттук кафедралдагы собордо өтүп жатат. Ал 30-ноябрда 94 жаш курагында көз жумган.
Акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Американын саясий элитасы, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, азыркы жана мурдагы президенттер келди. Көзү тирүү экс-президенттер — Жимми Картер, Билл Клинтон жана Барак Обама тажияга жубайлары менен катышууда. Ага учурдагы президент Дональд Трамп да жубайы Мелания менен келди. Мамлекеттик коштошуу зыйнатында маркумдун уулу, экс-президент, кичүү Жорж Буш сөз сүйлөйт.
Буштун үй-бүлөсүн сындап келген азыркы президент Дональд Трамп сөз албайт. 1973-жылдан бери биринчи жолу мурдагы мамлекет башчысын акыркы сапарга узатууда кызматтагы президент сөз сүйлөөгө чакырылган жок.
Американын 41-президентин акыркы сапарга узатууга чет өлкөдөн британ ханзаадасы Чарльз, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Иорданиянын королу Абдалла, Польшанын президенти Анджей Дуда келери кабарланган.
Маркум Жорж Буштун сөөгү 6-декабрда Хьюстондо, анын президенттик китепканасынын аймагында, жубайы Барбаранын жанына коюлат.
Булак: “Азаттык”
Количество просмотров: 20