• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жубайы каза болгон Курманбек Бакиев үн катты

19 Үчтүн айы 2023 12:29 Бишкек Govori.TV

Качкын президент Курманбек Бакиев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жубайы Назгүл Төлөмүшованын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтып жаткан кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

«Урматтуу мекендештерим, оор күнүмдө кайрат айтып колдоп турган кыргыз элим, дүйнөнүн ар тарабынан мага чалып, социалдык тармактардан жазып, көңүл айтып жаткан боордошторум! Эң оболу мен сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирип, рахматымды айтамын. Башыма кара туман каптап, үй-бүлөм менен аза тутуп калган чакта, бизди колдоп, сүйөп-таяп, ар кандай кайрат сөздөрүңөрдү айтып, жазып жатасыздар. Бул нерсе биз үчүн бардык байлык, бийликтен да жогору турат. Сыртта жүрүп жалгыз эмес экенимди, жанымда мен жакшы көргөн элим бар экенин туюп, сезип жаттым. Дагы бир жолу баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Силерди урматтап, Бакиев Курманбек Салиевич», — деп жазган ал.

Эске салсак, качкын президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева 15-январда каза болгон. Маркумдун сөөгү 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилген. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-январда өтөрү, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилери айтылган.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 242