“Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековдун жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом өлчөмүндө сүйүнчү берген фактысы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу “Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы билдирет.
Белгилей кетсек, 14-сентябрда социалдык түйүндөргө “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн. Дастан Жумабеков парламенттин төрагасы жана “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер болуп, региондорго болгон иш сапарынын алкагында Талас районундагы жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом берген. Алгач ал бул акчаны өздүк каражаттарынан бөлгөн деп айтылып, кийинчерээк төраганын фондунан берилген деп жарыяланган.
Булак: kyrgyztoday.org