• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жумгалда чабан таанышын атып өлтүрдү

20 Үчтүн айы 2021 14:28 Бишкек Govori.TV

Нарында чабан мыйзамсыз курал менен унааны атып, ичиндеги отурган жаранга ок тийди. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-январь күнү болжол менен саат 12:40 чамасында Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну С.М. аттуу жаран Жумгал РИИБнө келип, тууганым Ж.Рнын Дыйкан айылынын Сары-Жайык кыштоосунда жайгашкан сарайынан чабаны У. аттуу жаран ок атуучу курал менен А. аттуу баланы атып өлтүрүп алыптыр деп билдирген.

Аталган билдирүү Жумгал РИИБү тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда 2021-жылдын 19-январь күнү саат болжол менен 09:00 чамасында Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагына караштуу Сары-Жайык участкасынан Жумгал районунун тургуну 1982-жылы туулган Ү.Ж. мас абалында Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын тургуну 1997-жылы туулган Ү.У. менен өз ара уруша кетип, Ү.У. жанында көтөрүп жүргөн документи жок сайсыз ИЖ-18 үлгүсүндөгү 12 калибрдеги ок атуучу куралы менен Ү.Ж. башкарып жүргөн өңү ак түстөгү Хонда СРВ үлгүсүндөгү автоунаанын сол арткы терезесине бир жолу атып жибергенде автоунаанын ичинде отурган Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын тургуну 1983-жылы туулган А.А сол жак далы тушуна тийген.

Натыйжада Ү.Ж. А.Анын автоунаасы менен Баш-Кууганды айылына алып келе жаткан учурда Баш-Кууганды айылына жетпей алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Аталган факты Жумгал РИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 9187