• Жума 1 Бештин айы 2023
  • Пятница 1 Декабрь 2023

Жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты

18 октября 2023 в 17:49 Бишкек Govori.TV

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 12-октябрынан 18-октябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча тиешелүү ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Количество просмотров: 105