• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кепшн видео: Бийлик жаңы мыйзам менен медианы ооздуктаганы жатат

18 Бугу 2023 17:38 Бишкек Govori.TV

Президенттик администрация былтыр «ЖМК жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.
Медиа уюмдар, журналисттер, юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектей турганын айтып, коңгуроо кагышкан.

ЖМКлар Орусиядан “оодарылган” мыйзам экенин аныктап чыгышкан.

Сын токтобогондуктан президент Жапаров жумушту топ түзүп, мыйзамды толуктап иштеп чыгууну тапшырган.

Башында медиа коомчулуктун сунуш-пикирлери эске алынары убадаланган.

Деген менен Президенттин администрациясы ЖМК жөнүндө мыйзамдын 5-вариантын иштеп чыгып, топтун мүчөлөрү менен макулдашпай коомдук талкууга чыгарды.

Ал эми жумушчу топтун иштөө мөөнөтү узартылган жок.

56 беренеден турган документте буга чейин медиа коомчулук каршы чыккан талаптар дагы деле калтырылганы белгилүү болду.

Мындан улам эксперттер документ бийликтин гана мыйзамы болуп калганын, жумушчу топко тиешеси жок болуп калганын айтышууда.

16-майдагы жыйын мыйзамсыз болгондуктан жумушчу топтун мүчөлөрү жыйындан чыгып кетишти.

Эми коомдук талкуудагы мыйзамга ар бир жаран өз сунуштарын киргизсе болот.
Кыргызстанда ЖМК мыйзамы 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери ага өзгөртүү жана толуктоолор гана киргизилип келген.

Количество просмотров: 3001