• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Журналист Бүбүкан Досалиева каза болду

6 Теке 20209:15 Бишкек Govori.TV

«Азаттык» радиосунун журналисти Бүбүкан Досалиева каза болду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармакка жазды.

Маалыматка ылайык, журналист кечээ, 5-июлда 62 жашында дүйнө салды.

Бүбүкан Досалиева 1958-жылы 1-ноябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулуп, ошол эле кыштакта орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын ага илимий кызматкери, “Илим” маалымат-басма борборунун директору болгон. 2017-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин “Азаттык” үналгысынын «Азаттык Медиа» мекемесинде сыналгы берүүлөрүн даярдоо продюсери, андан соң журналист болуп иштеген.

Govori. TVнын жамааты Досалиеванын жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 229