• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Журналист бычак урган белгисиз жаранга арыз жазуудан баш тартты

10 Жетинин айы 2018 21:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.11.2018.Govori.TV

9-ноябрда Жалал-Абадда Санрабия Сатыбалдиева аттуу журналист кызга кол салуу болуп, ал ооруканага түшкөн.
​Бул окуя боюнча иш козголуп, териштирилип жатканын Жалал-Абад шаардык милициясы кабарлады.

Маалыматка караганда Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренесинин (Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу) негизинде козгогон.

Бирок бычак жеген журналист Санрабия Сатыбалдиева жабырлануучу катары арыз берүүдөн баш тартты.
Бул баш тартуунун себебин ал «Азаттыкка» төмөнкүчө түшүндүрдү:

«9-ноябрда эртең менен өзүм жашаган көп кабаттуу үйдөн дүкөнгө чыгып бара жаткам. Подъездин 3-кабатында кара кийимчен бейтааныш адам турганын көргөм. Ал мени «Санрабия» деп чакырып калды. Карасам, “сен жөн жүрө албай калгансыңбы?” деди. Мен «сизге түшүнө алган жокмун» деп жооп кайтардым. “Документтерди мага бер” деди. Менде эч кандай документ жоктугун айтсам, “акыркы жолу эскертип жатам, экинчи ирет кайра келбейм” деп айтты. «Кимдин адамы болсоң да мени коркута албайсың» деп басып бараткам. Анан эле түртүп жиберди. Сол колум ысый түштү, карасам канап жаткан экен.

Ооруканага жаткан учурдан тартып милициянын аягы үзүлбөй жатат. Азыркыга чейин эле 20га чукул орган кызматкерлери мен жаткан палатага келип кетти. Кечээ түнкү саат 10го чейин суракка алышкан. Алар “эгерде бул иштин бети ачылбай калса, кайра өзүңдүн үстүңдөн иш козгойбуз” дешти. Ошол сөздөн кийин мен жабырлануучу катары арыз жазуудан баш тарттым. Анткени бул иш акырына чейин тергелип бүтпөйт деген күмөн ой жаралып жатат. Менде ким кол салганы боюнча так маалымат жок. Буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы жана калаанын мэри боюнча бир топ сын материалдарды даярдагам. Мындан сырткары асфальт төшөө иштериндеги кемчиликтер боюнча да ишкерлерге байланыштуу материалдарды чыгаргам»,-деп билдирди.

 

Эскерте кетсек,
Санрабия Сатыбалдиева — «YouTube» сайтындагы Malina.TV каналынын негиздөөчүсү жана алып баруучусу. Ал эфирден түрдүү социалдык маселелерди көтөрүп жүрөт.

Количество просмотров: 22