Журналистиканын азыркы коомдогу абалы

30
Бишкек.08.11.2018.Govori.TV.
Кыргыз журналистикасы 25 жыл аралыкта ар түрдүү кырдаалдарды башынан өткөрдү. Чоң орду толгуз жоготуулар жана ушуга катарлаш эле баш айланткан бийиктиктер багындырылды.
Ошол мезгилден тарта азыркы күнгө чейин эмне өзгөрдү, коомдо журналистиканын орду канчалык деген ойлор жаралат.
Азыркы мезгилде таасири күчөдү деген менен мурдакы убакта журналистикага сөз эркиндиги көп берилбей келгени маалым.
Кандай болгон күндө да журналисттер коомду, саясатчыларды, министрлерди көзөмөлдөгөн эң негизги күч болуусу керектиги абзел.
Басма сөз жана маалымат күнүнө карата көзү өтүп кеткен журналисттерди эскерүү иш-чарасында алардын элесине арналып коюлган сүрөт-галерея ачылып,  анда 120 журналисттин сүрөтү коюлуп куран окутулду. Мындай кадамдардан улам кыргыз журналистикасы барктала баштаганынан кабар берет десек болот.