• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Журналисттин өлүмүнө шектүү бир айга камакка алынды

31 Жалган куран 2022 13:48 Бишкек Govori.TV

АКИpress маалымат агенттигинин аймактык журналисти Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу 28-мартта камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева бир айга камакта калды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

«Баткен райондук соту 29-мартта шектүү Батмакан Жолболдуеванын баш коргоо чарасын карап, аны 26-апрелге чейин Жалал-Абад шаарындагы №53 абакка камакка алуу чечимин чыгарган»,-деп айтылат маалыматта.

Милиция каза болгон журналист Арзыгүл Галымбетова жергиликтүү милицияга 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын билдирген.

Журналисттин өлүмүнөн кийин жабырлануучунун арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 114