Жусупов Эрнест Ысакович өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эрнест Жусупов 1982-жылы туулган. 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Ал эми аскредик билимди 2016-жылы Россия ӨКМинин Жарандык коргонуу академиясынан алган.
Аскердик наамы: подполковник.
Буга чейин ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.