• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жыйында эки депутаттын ортосунда чыр чыкты

14 Тогуздун айы 202014:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өттү.

Алтынбек Сулайманов алдыдагы шайлоого карата тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган (№2 форманы жокко чыгаруу, чекти 3 пайызга түшүрүү жана күрөөнү 1 млн сомго төмөндөтүү).

Бирок депутаттар кетип калып, тиешелүү комитеттин төрагасы Канат Керезбаев мыйзамды добушка коюудан баш тартты.

Ошол учурда Алтынбек Сулайманов экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралды. Андан кийин айрым депутаттар резиденциядагы бир бөлмөгө кирип кетишкен. Жеринде иштеп жаткан журналисттердин маалыматы боюнча ал жактан Алтынбек Сулайманов менен Канат Керезбаев жакалашып, бирин-бири жулкулдатып жатышкан.

Эске салсак, бүгүнкү жыйында депутаттар премьер-министрликке Садыр Жапаровду бекитип, анын өкмөтүнүн курамын жана программасын жактырышты.

Белгилей кетсек, депутат Алтынбек Сулайманов буга чейин, тагыраагы 13-октябрда өткөн депуттардын жыйныда сөз сүйлөп, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча бир катар сунуштарды келтирген.

Количество просмотров: 472