Жыл башынан бери баңгизатка байланышкан 753 кылмыш аныкталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматта 5 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганы айтылат. Баңгичиликтин алдын алуу үчүн 180ден ашык иш-чара өткөрүлгөн.
ИИМ 2022-жылы баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлганын билдирген.