• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жыл башынан бери Бишкекте 1340 жол кырсыгы катталган

14 Теке 202212:42 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери Бишкек шаарынын аймагында 1340 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы Алмаз Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктарынан жалпы 1 726 адам жабыркап, 21 адам каза болгон.

“Жол кырсыгынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 3 пайызга, жабыркагандар 5 пайызга көбөйүп, ал эми каза болгондордун саны 25 пайызга азайган”, — деди ал.

Ошондой эле ал жыл башынан бери Бишкек шаарында жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн 723 учур катталганын кошумчалады.

Количество просмотров: 205