Бишкек.21.12.17. Govori.TV
Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев отставкага кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.
Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетүүсүнүн себебин өзүнө козголгон кылмыш иши менен байланыштырды.
“Бомба тууралуу кылмыш ишинин фигуранты болдум, бул окуя коомдо чоң талкуу жаратып, ал эми ММК каражаттары мени массалык каралоону баштады. Бул иш менин кадыр-баркыма шек келтирди, өкмөттүн ишине да көлөкөсүн түшүрөт. Мындан улам эң туура кадам бардык иштер териштилип бүткөнчө кызматтан кетүү деп эсептейм”,-деген Зилалиев.
Зиалиев бул кызматка 23-ноябрда келген.