• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Зилалиевдин иши сотто кайра башынан каралат

3 Бештин айы 2019 12:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министрдин ишин карап жаткан судьянын алмашканынан улам Зилалиевдин иши сотто кайра башынан каралат. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билидирди.

Анын маалыматы боюнча, сотко төрагалык кылып жаткан судья Алмаз Койлубаев Чүй облустук сотунан Биринчи май райондук сотуна убактылуу которулган. Ал кайра облустук сотко кетти. Ал эми Зилалиевдин ишин райондук соттун жаңы судьясы Адылбек Эсенбаев карап баштайт. Жараян 11-декабрга белгиленген. Бул боюнча райондук сот маалымат бере элек.

Мыйзамдын талабы ушундай. Ишти карай турчу жаңы судья иштин жагдайын билиши керек да. Ал сотто мурда көрсөтмө бергендердин көрсөтмөсүн окуп коё албайт. Ошондуктан ишти кароо кайра башынан башталышы керек, — деди Токтакунова.

Ал кошумчалагандай, Зилалиевдин иши боюнча күбөлөрдүн 70 пайызы суралып бүткөн.

Эске салсак, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге, 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурунда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Количество просмотров: 89