Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин соту уланды. Бүгүнкү отурумда төрт күбө көрсөтмө берди. Күбөлөрдү суракка алуу 27-ноябрда уланат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деп «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.
Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат. Зилалиев өзүнө коюлган айыпты четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.