Кыргызстандын 1 миң 266 жараны чет өлкөдөгү абактарда жаза өтөп жатышат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы Кыргызстанга чет жерден 51 жаран экстрадицияланган.
«ТИМдин маалыматына ылайык, чет жерде соттолуп, жаза өтөп жаткандардын саны – 1 миң 266. Алардын 1 миң 12си – Орусияда, 93ү – Казакстанда, 25и – Тажикстанда. Ошондой эле Өзбекстан, Кытай жана Түркияда жаза өтөгөндөр бар»,-деди Зулушев.