Бүгүн, 5-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура мугалимдердин дипломун текшерүү менен алектенбегенин билдирди.
Депутат Жанарбек Акаев айылдарда мектеп мугалимдери диплом текшерүү шылтоосу менен район борборуна — прокуратурага чакыртылып жатканын айтып, мындай жорукту токтотуу керектигин белгилеген.
«Кочкордо болгон окуядан башка бир да мугалимди чакырып, прокуратура текшерген жок. Факты болсо берсеңиз, чара колдонобуз. Диплом текшерүү менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алектенүүдө», — деди Зулушев.
Марттын башында Нарындын Кочкор районунда дипломуна байланыштуу суракта жүргөн мугалим өз өмүрүнө кол салып, жанын кыйган. Окуяны милиция териштирүүдө.