• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Зулушев: УКМК менен мэриянын кызматкерлери борбордогу жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алышкан

16 Жетинин айы 2021 13:55 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга каршы күрөшкөн кызматкерлер мэриянын жоопкерчиликтүү кызматтагы кызматкерлери менен келишип алып, борбордогу жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылышкан. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Президентке караштуу Антикоррупциялык кеңештин биринчи отурумунда айтты.

Анын айтымында, бул факт боюнча соттун чечими чыккан.

Аскер прокуратурасы мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын Бишкек шаарындагы райондук бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. жана борбор калаанын мурдагы вице-мэри А.А. кармалганы жарыяланган. Алар Бишкек шаарындагы кымбат баалуу жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланууга берүүгө айыпталууда.

Тергөөнүн маалыматына караганда, аталган адамдар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында башка кызмат адамдары менен бирге Бишкек мэриясынын адистерине басым көрсөтүп, жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого мажбур кылышкан.

Количество просмотров: 84