• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

1-январга чейин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришет

28 Бештин айы 2019 20:24 Бишкек Govori.TV

28-декабрь күнү  борбор калаанын эски аянтында ички иштер
министрлигинин гарнизондук саптык кароосу өттү. Жаңы жыл алдында ички
иштер министрлиги коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун
камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. Өзгөчө мааниге
ээ болгон, стратегиялык жана өзгөчө кайтарууга ала турган жайлар, жашоо
тиричиликти камсыз кылуучу объектилер күчөтүлгөн  кайтарууга алынат.
Милициянын түзүмдөрүнүн гарнизондук саптык кароосун өткөрүү салтка
айланып, анда ИИОнын кызматкерлеринин кызмат өтөөгө жана өздөрүнүн
кызматтык милдеттерин аткаруу даярдыгы,  андан сырткары сырткы келбети,
сапка атайын тартипте туруусу текшерилди. Жаңы жылдык иш-чараларга
байланыштуу Кыргыз милициясы 2019-жылдын 30-декабрынан баштап
2020-жылдын 1-январына чейин  ички иштер органдарынын кызматкерлери
күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришет. Аталган гарнизондук саптык
кароого Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын
генерал-майору Кашкар Джунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин
борбордук аппараттын башкармалыктарынын, Бишкек шаардык жана Чүй
областтык милициянын  жетекчилик курамы катышышты.
Аталган иш-чарада ички иштер министри Кашкар Джунушалиев сөз сүйлөп,
өтүп бара жаткан жыл өлкөнүн жашоосунда  бир катар маанилүү окуялар
болуп,   жарандардын бейпилдигин жана коопсуздугун камсыздоодо, алардын
мыйзамдуу кызыкчылыктарын менен укуктарын коргоодо, коомдо туруктуулукту
сактоодо, жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө ийгиликтердин
болгондугун баса белгиледи. Ал ошондой эле реформалык мыкты аракеттер
ишке ашкандыгын айтты. Алсак, 2019-жылы ИИМдин борбордук аппараттары
оптимизацияланып, ал штаттар аймактык тескөөчүлөр менен жаш өспүрүмдөр
менен иштөөчү инспекторлорго, тергөө жана жоруктар менен иштөө
кызматтарына берилди. Жаңы мыйзамдар менен Кодекстердин ишке кириши,
Патрулдук милициянын иштей башташы, Бишкек, Ош  шаарларында жана
Ысык-Көл облусунун аймагында туристтик милициянын түзүлгөндүгү, 
республиканын региондорунда “Бирдиктүү терезелер”  толук кандуу ишке
кириши, санариптештирилген Командалык борбор, “Коопсуз шаар”
долбоорлорунун ишке ашышы ушул жылы ишке киришкендигин баса белгиледи. 
Өтүп бара жаткан жыл сыноолордун жылы болду  жана аны татыктуу тосуп
алып бир катар ийгиликтерге жеттик.
Биздин милициянын  биримдиктүү, натыйжалуу жана сапаттуу иши менен
мамлекеттин туруктуулугу, адамдардын бейпилдиги, коомдук коопсуздук
бекем сакатал тургандыгын терең түшүнүшүбүз зарыл. Милициянын ишинин
негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бул элдин милицияга болгон ишеними. Аны
биз күжүрмөн жана мыйзам чегиндеги эмгегибиз менен көрсөтүшүбүз керек.
Майрамдын алдында милиция кызматкерлерин, ардагерлерди жана алардын үй
бүлөлөрүн кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм. Милиция дайыма
постто, эл кызматындабыз, биз Мекен алдында  ак кызмат кылышыбыз парз
жана милдетибиз. Сиздердин ар бириңиздердин ишиңерде ийгиликтер
жаралсын,  бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм”,- деди
сөзүн жыйынтыктап жатып Кашкар Джунушалиев.
Гарнизондук саптык кароого ИИМдин баардык түзүмдөрү: Кыргыз
Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлери,
ИИМдин «Шумкар» Атайын багыттагы полкунун, Жол кыймылынын коопсуздугун
камсыздоо башкы башкармалыгынын,  Мамлекеттик адистештирилген күзөт
кызматы башкы башкармалыгынын милиционерлери, Академиянын курсанттары,
Бишкек ШИИББдин жана Чүй ОИИББдин аймактык башкармалыктарынын жана
бөлүмдөрүнүн, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери
катышты.
  Салтанаттуу марштын алдында  «Коомдук тартипти камсыздоого өтүүгө
буйрук берем. Кызмат өтөө учурунда жарандарга кайрылууда 
мыйзамдуулукту, маданияттуу сый мамиле жасоого буйрук кылам»,-деген
талаптар коюлду. Ички иштер органдарынын кызматкерлери борбор калаанын
эски аянтында салтанаттуу марш менен өтүштү.

Количество просмотров: 113