• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

11 Кулжа 2020 10:12 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Соңку сутка ичинде Бишкек шаарында 9, Ош шаарында 1 медицина кызматкеринен коронавирус илдети табылды. Ошондой эле стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды»,-деди Үсөнбаев.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 419 учур катталды, алардын ичинен 312 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 84