• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

10 млн сомго жакын контрабандалык алкоголдун партиясы аныкталды

7 Аяк оона 2021 14:28 Бишкек Govori.TV

10 млн сомго жакын контрабандалык алкоголдун партиясы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайы, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ири соода түйүндөрү аркылуу мыйзамсыз сатылган Кыргыз Республикасынын аймагына импорттук алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу каналы аныкталды.

2021-жылдын 4-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылындагы кампалардын биринде өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө ар кандай аталыштагы 10 миңге жакын жасалма акциздик маркалары бар, жалпы суммасы 10 миллион сомго жакын, элиталык алкоголдук продукциялар табылып алынды.

Бул алкоголдук продукциянын ар биринин баасы Бишкектин базарларында 1000 сомдон 3000 сомго чейин эсептелинет.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды баалоо, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана сатууга бийлик өкүлдөрүнүн катышуусун аныктоо боюнча тиешелүү чаралар жүрүп жатат.

Количество просмотров: 111