• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

11-майдан кийин Бишкекке кирүүгө тыюу салынат

4 Бугу 2020 13:42 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө абал режими 11-майда токтотулгандан кийин дагы Бишкекке тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралууда. Бул туурасында борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

Вице-мердин айтымында, шаарга келе жаткандардан өткөрмө кагаздын, экспресс-тесттин же ПЦР-анализинин жыйынтыгы тууралуу маалым кат талап кылынышы мүмкүн.

«Мэрия Шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жөө адамдардын жана автоунаалардын каттамын чектөө максатында ички санитардык постторду коюу маселесин карап жатат. Ошондой эле анализдеп чыгып, жаңы конуштардагы карантиндик чараларды күчөтүүгө өтөт. Райондук администрациялар санитардык постторду коюп, ооруну жуктургандар жана байланышта болгондор жашаган аймактардын баарын текшерет. Бейтаптар менен байланышкан адамдарды издөө чаралары күчөтүлөт», — деп билдирди Кузнецова.

Количество просмотров: 4946