• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«11 жаштагы кызды бычак менен коркутуп». Тоноочулукка шектелген адам кармалды

16 Бирдин айы 2021 11:46 Бишкек Govori.TV

Панфилов районунда милиция кызматкерлери тоноочулукка шектелген адамды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бир күн мурда Панфилов РИИБге каракчылык факты боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке баргандан кийин, 11-февралда саат 14:00 чамасында Кайыңды шаарында жергиликтүү тургундун үйүнө медициналык бет кап кийген белгисиз адам киргендиги аныкталган. Ошол учурда үйдө жашы жете элек төрт бала бар болчу. Белгисиз адам 11 жаштагы кызды бычак менен коркутуп, акча жана баалуу буюмдар кайда сакталгандыгын көрсөтүүнү талап кылган. Андан кийин бөлмөдөгү капчыкты байкап, анын ичиндеги акчаны алып, андан кийин изин жашырып кеткен.

Окуя болгон учурда үйдүн кожойкеси үй-бүлөлүк маселелери боюнча башка жакта болчу.

Аталган факт Панфилов РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен КЖБРга катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Панфилов РИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери шектүү катары 27 жаштагы Г.А. аттуу жаранды кармашты.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 115