Токмоктогу мал базардан 120 миң сомун чөнтөкчүгө уурдаткан аксакал табылган каражаттын бир бөлүгүн БШКнын мүчөсү Кайрат Маматовдун уулу Канаттын дарылануусуна берүүнү чечти. Бул тууралуу Маматов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, кичинекей Канат иммунотерапияны сегизинчи күн алып жатат.
«Эртең менен бизге Токмок шаарынан милициянын подполковниги телефон чалды. Жакында бир окуя болуп, чоң атанын акчасын мал базардан уурдап кетишкен. Ал катуу капаланып, жанындагы адамдар акча чогултуп беришкен. Милиция кылмышкерди кармады, ал келтирилген чыгымды калыбына келтирди. Ал эми карыя бул акча менен Канатка жардам бергиси келип жатыптыр», — деп жазды ал.