• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

127 медкызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды 

12 Теке 202010:36 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 127 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 51 кызматкер;

Чүй облусунда 44 кызматкер;

Ош шаарында 12 кызматкер;

Ош облусунда 4 кызматкер;

Баткен облусунда 7 кызматкер;

Ысык-Көл облусунда 5 кызматкер;

Талас облусунда 3 кызматкер;

Жалал-Абад облусунда 1 кызматкер.

Ошол эле учурда стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер аталган илдеттен айыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1656 учур катталды, алардын ичинен 552 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 160