• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

13 миң 211 кардардын электр жарыгы өчүрүлөт

3 Тогуздун айы 2018 16:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.10.2018.Govori.TV.
«Түндүкэлектр» ААКсы электр жарыгы үчүн карызы бар жарандарды төлөөгө чакырат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Эртең аталган компания өз убагында төлөм жүргүзбөгөн 13 миң 211 кардардын электр жарыгын өчүрөт. Алардын жалпы суммасы 8 миллион сомго жеткени айтылган. Маалыматка ылайык, акылдуу эсептегичтер аркылуу алыскы аралыкта туруп эле карызы барлардын светин өчүрүп, төлөм жүргүзгөндөн кийин кайра күйгүзгөнгө болот.
Количество просмотров: 20