• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

14 медкызматкер коронавирус жуктурду

10 Тогуздун айы 202011:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте-1, Ош шаарында-1, Ош облусунда-3 Жалал-Абад облусунда-6, Баткен облусунда-2, Ысык-Көл облусунда-1 медик илдетке кабылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3393 учур катталды, алардын ичинен 3081 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 51