Өлкө аймагында дагы 14 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Республикалык штабдан билдиришти.
Коронавирус аныкталган медкызматкерлер:
– Бишкек шаарында 6;
– Чүй облусунда 3;
– Ош шаарында 1;
– Ош облусунда 1;
– Жалал-Абад облусунда 1;
– Баткен облусунда 1;
– Ысык-Көл облусунда 1 (кызыл зонада).
Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 диагнозу жалпы 3879 медицина кызматкеринен аныкталды. Алардын ичинен 3587 адам айыкты.